Бишкектеги 46 мектепте жайкы лагерь ачылат

Бишкектин четиндеги эс алуучу жайлардын бири.

16-июндан тарта билим берүү мекемелеринде жана Ысык-Көлдүн жээгинде балдар үчүн лагерлер ачылат.

Бишкектин 46 мектебинде лагерь ачуу пландалганын, ага жакшы окуган окуучулар, активист улан-кыздар жана социалдык жактан корголбогон үй-бүлөлөрдөн 4470 балдар катышат. Бул тууралуу мэриянын сайтында жазылды. Райондук билим берүү борборлору мектеп лагерлерине жооптуу адистерди бекиткен.

Ысык-Көлдүн жээгинде 230 окуучуну эс алдырууну уюштуруу үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы тендер жарыялады. Анын жыйынтыгы менен балдар Сары-Ой айылындагы "Жалын" ден соолукту чыңдоо комплексине барышат. (SE)

Дагы караңыз

Өзбекстанда эки жаңы ГЭС курулатАрестович согушта 10 миңге жакын украин жоокери курман болгонун айтты Июнь коогасы: идеология баркы жана жанданган ишРакка каршы жаңы дары адистерди таң калтырды