Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:32

Өзбекстанда эки жаңы ГЭС курулат


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Өзбекстандын Кашкадарыя облусундагы Гиссарак суу сактагычында жана Ташкент облусундагы Ахангаран суу сактагычында кубаттуулугу жылына 22 миллион киловатт-сааттык эки жаңы чакан ГЭС курулат. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёев 8-июнда Сурхандарыя облусундагы суу сактагычтарды модернизациялоо жана ичүүчү суу менен камсыздоону жакшыртуу долбоорлору менен таанышуу учурунда билдирди.

2017-жылы президенттин жарлыгы менен "Узбекгидроэнерго" ишканасы түзүлгөн. Былтыр дагы төрт суу сактагыч бул коомдун карамагына өткөрүлүп, алардын жалпы саны алтыга жеткен. Чет элдик ишканаларды тартуу менен ар бир суу сактагычтын техникалык абалы изилденип, тез арада оңдоо чаралары аныкталган. Президенттин айтымында, дамбалар, суу алуучу жана дренаждык курулуштар оңдолуп, насостук агрегаттар калыбына келтирилүүдө.

Мамлекет башчысы бардык суу сактагычтарды модернизациялоо, гидромеханикалык жабдууларды жана өлчөө каражаттарын жаңылоо, системаны санариптештирүү аркылуу коопсуздукту жакшыртууну тапшырды.

Бул бүткүл бизнес-жараянын онлайн режиминде кырдаалдык талдоо борборуна кошууга жана жылына кошумча 120 миллион киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыгууга мүмкүндүк берет.

Космостук изилдөөлөр жана технологиялар боюнча агенттикке суу сактагычтардын абалын көзөмөлдөө, спутниктик сүрөттөрдү жана маалыматтарды берүү тапшырылды.

Чакан ГЭСтердин курулушуна жеке секторду тартуу, жогорку билимдүү адистерди жана орто звенодогу кадрларды даярдоо боюнча милдеттер белгиленди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG