Караколдо согушка каршы чыккан орус жараны кармалганы кабарланды

Бишкекте 25-февралда өткөн акцияда тартылган сүрөт.

Каракол шаарында Орусия-Украина согушуна каршы акцияга чыккан орус жараны Илья Шафранов кармалганы кабарланды.

"Кылым шамы" адам укугун коргоо уюмунун маалыматына караганда, ал 12-июнда стадиондо пикет өткөрүүнү жергиликтүү бийлик менен макулдашкан.

"Кылым шамынын" жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова Шафрановду Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Ысык-Көл облустук башкармалыгынын кызматкерлери кармаганын билдирди. Кыйноолорго каршы улуттук борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков облустук милицияга таянуу менен Шафранов УКМКда экенин маалымдады. "Азаттык" азырынча атайын кызматтан комментарий ала алган жок.

Орусия Украинага бастырып кирген февраль айынан бери Кыргызстанда согушка каршы бир канча митинг-пикеттер өтүп, айрым катышуучуларды милиция кармап, сот айып салган.

Москванын кадамына макул болбогон орус жарандары башка өлкөлөргө, анын ичинде Кыргызстанга да келишкен.

Расмий Бишкек Украина-Орусия маселесинде бейтарап экенин кайталап келет. (SE)

Дагы караңыз

Бердянск шаарындагы жарылуулардан кийин калаанын бир бөлүгүндө жарык өчтүБУУ: украиналык 3,2 миллион качкын Евробиримдиктен башпаанек алды