Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 15-июнда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 28…33,
Талас жергесинде түнкүсүн 13…18, күндүз 25…30,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 16…21, күндүз 31…36,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27,
Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -1…+4, күндүз 9…14.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 18…20°, күндүзгү жогорку температурасы 30…32° болот. (BTo)
Дагы караңыз
Москвада кыргызстандыктардан түзүлгөн кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалдыЧек ара чырында Кыргызстандан жабыркагандар жок, сүйлөшүү жүрүп жататЧек арадагы чырда тажикстандык чек арачы каза болгону кабарландыКыргызстан Тажикстандын соттолгон эки жаранын өткөрүп бергени кабарландыЖоробаев УКМКдан эмне себептен кызматтан алынганы белгилүү болду Ташиев Равшан Жээнбековго эскертүү берилерин билдирдиКамчыбек Ташиев Казакпаевдин өлүмү тууралуу комментарий бердиКыргызстан Орусиянын чек ара кызматына 25 сотых жерди ижарага бергени жатат