Ооганстандагы жарылуудан кеминде эки киши мерт болду

Кабулдагы сикхтердин сыйынуучу жайында болгон жарылуу, 19-июнь 2022-жыл.

Ооганстандын Нангархар провинциясындагы базарда болгон жарылуудан кеминде эки киши мерт болду. Дагы 28 киши жараат алды.

"Талибан" өкмөтүнүн Маалымат жана маданият департаментинин расмий өкүлдөрү "Азаттык" радиосунун ооган кызматына ырасташкандай, 20-июндагы жарылууда жарадар болгондордун арасында талибдердин беш өкүлү бар.

Базардагы жарылууга эмне себеп болгону ачык айтыла элек. Жергиликтүү маалымат каражаттары бомба коюлган автоууна жарылышы мүмкүндүгүн, бул чабуул "Талибандын" аймактагы жетекчилеринин бирин бутага алганын айтып жатышат.

Азырынча Нангархардагы бул окуяга эч ким жоопкерчиликти мойнуна ала элек.

Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстандагы миссиясы бул чабуулду айыптап, жабырлануучулардын арасында балдар бар экенин билдирди.

Дем алыш күндөрү "Ислам мамлекети" террордук тобунун согушкерлери Кабулдагы сикхтердин сыйынуучу жайына чабуул койгон болчу. Андан эки киши мерт болуп, жети тургун жараат алган. Аны улай Кабулдагы дагы бир райондо автоунаа жарылып, дагы эки киши өлгөн.

Дагы караңыз

Кытай Орусиядан көбүрөөк мунай сатып ала баштадыКазакпаев менен Асанбаевдин өлүмүнө байланыштуу комиссияны Эдил Байсалов жетектейтПарламентте депутаттар менен Эдил Байсалов кайым айтышты (видео)Кыргызстанда 3409 этникалык кыргызга "кайрылман" макамы берилгенБорн: Францияда шайлоодон кийин "мурда болуп көрбөгөн кырдаал" түзүлдүБоррел Орусиянын украин буудайын чыгарбай жатканын "согуш кылмышына" теңеди