Ирандын Махмудабад шаарында миңдеген жумушчулар иш таштады

Ирандагы пенсионерлердин нааразылыгы.

Ирандын Исфахан провинциясындагы Махмудабад өндүрүштүк шаарчасындагы миңдеген жумушчулар үчүнчү жолу катары менен нааразылык акциясын улантууда. Шаарчадагы таш иштетүүчү фабриканын 300 миңден ашуун жумушчусу бийликтин коркутканына карабай, дүйшөмбү күнү да жумушка чыккан жок.

Айрым булактар ырастагандай, фабриканын жумушчулары жергиликтүү кесиптик кошуундун лидеринин өткөн аптадагы билдирүүсүнөн кийин иш таштай турганын жарыялашкан. Көп өтпөй коопсуздук кызматкерлери кармап кеткен ал активист бийликтин басымынан кийин жумушчуларды ишке чыгууга чакырган. Бирок фабриканын кызматкерлери буга макул болгон эмес.

20-июнь күнү жүк ташуучу унаалардын айдоочулары Тегеранда да жол тармагын тейлеген мекеменин алдына келип, нааразылыгын билдиришти. Социалдык тармактардын айрым колдонуучулары айдоочулар дүйшөмбүгө караган түндү да көчөдө өткөрүшкөнүн жазып жатышат.

Соңку апталарда Иранда элдин турмуш-шартын оңдоо талабы менен утур-утур каршылык акциялары өтүп келет. Буга чейин өлкөнүн бир катар шаарларындагы пенсионерлер пенсиянын көлөмүн көбөйтүү талабы менен акцияга чыгышкан.

Дагы караңыз

Улуттук банк өткөн жылы алтын сатуудан 9,2 млрд. киреше тапканын билдирдиОоганстандагы жарылуудан кеминде эки киши мерт болдуКытай Орусиядан көбүрөөк мунай сатып ала баштадыКазакпаев менен Асанбаевдин өлүмүнө байланыштуу комиссияны Эдил Байсалов жетектейтПарламентте депутаттар менен Эдил Байсалов кайым айтышты (видео)Кыргызстанда 3409 этникалык кыргызга "кайрылман" макамы берилген