Маданият министрлиги Бегимай Турусбековага колдоо көрсөтөт

Бегимай Турусбекованы министр Азамат Жаманкулов кабыл алды. 22-июнь, 2022-жыл.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги эс алуу багында ырдап, интернет жылдызына айланган Бегимай Турусбековага колдоо көрсөтөрүн билдирди. Бүгүн, 22-июнда министр Азамат Жаманкулов Турусбекованы кабыл алды.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта, министр аны Central Asia's Got Talent сынагына жөнөтүүгө убада берип, ошондой эле Казакстан, Түркия жана Венгрияда өтө турган маданият күндөрүнө катышууга чакырган.

Бегимай Турсунбекова буга чейин М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайды жана Б.Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетине тапшырып, бирок окууну толук бүтпөй калган. Министр окуусун кайрадан калыбына келтирүүгө жардам бермек болду.


Бегимай Турусбекованын Бишкектеги “Ынтымак” паркында ачык асман алдындагы караокеде ырдаган видеосу социалдык тармактарга тараган. Бир күн ичинде эле интернет жылдызына айланып, эртеси ошол эле эс алуу багына жыйналган жүздөгөн күйөрмандарынын алдында ырдады. (КЕ)

Дагы караңыз

Парламент кумаркана мыйзамын талаш-тартыш менен кабыл алды   Депутаттар кумаркана мыйзамына добуш бере албай, танапис жарыяландыПара алууга шектелген судья УКМКнын тергөө абагына киргизилдиКара-Балтада башы кесилген аялдын сөөгү табылдыБритания Донецкиде туткундалган жарандары боюнча Орусияга кайрылды