Инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган кеңеш түзүлдү

Кыргызстандын ар кайсы багыттардагы улуттук долбоорлорунун иллюстрациясы.

Инвестициялык климатты жакшыртуу, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында өлкөнүн Өнүктүрүү институттарынын координациялык кеңеши түзүлдү. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Кеңешти Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Бакыт Төрөбаев жетектейт.

"Координациялык кеңеш инвестициялык климатты жакшыртуу, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле мамлекеттик колдоо чараларын жана өнүктүрүү институттарынын ресурстарын консолидациялоо максатында түзүлдү",-деп айтылат расмий маалыматта.

Экономика тармагындагы адистер Кыргызстандагы инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн мыйзамдык жактан көп жумуштар аткарылышы керектигин айтып келишет. (КЕ)

Дагы караңыз

Украинага курал жеткирүү талашынан улам Италияда ири партия бөлүндүПарламент кумаркана мыйзамын талаш-тартыш менен кабыл алды   Депутаттар кумаркана мыйзамына добуш бере албай, танапис жарыяландыПара алууга шектелген судья УКМКнын тергөө абагына киргизилди