Кудук казып жатып үч киши каза болуп, экөө ооруканага түштү

ӨКМ тараткан сүрөт.

Токмоктун Жантаев көчөсүндөгү курулуш материалдарын саткан короонун ичинде кудук казып жаткан үч киши каза болуп, дагы экөө оор абалда ооруканада жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, тереңдиги 18 метрлик кудуктан аба жетпей калган.

“Казып жаткан учурда кудуктун ичинде аба жетпей бир адам кулап калган, аны алып чыгам деп экинчиси кудука кирип, аба жетпей ал дагы кулаган. Калгандары дагы кудуктун ичинде аба жетпей калып кетишкен”, - деп айтылат министрликтин маалыматында.

Жабыркагандар учурда Токмок шаардык ооруканасында жатышат. Азырынча милиция үч адамдын өлүмү боюнча маалымат тарата элек.

Кудуктун тереңдиги 18 метр, туурасы 1 метр болгон. ӨКМ кызматкерлерине күбөлөр кудук казып жаткан учурда дизелдин жыты болгонун айтып беришкен. Кудуктун жанында күйүүчү май сактаган база жайгашкан. (TSh)

Дагы караңыз

АКШ, Канада, Жапония жана Британия Орусиянын алтынын импорттоону токтототКиев кайрадан ракеталык аткылоого кабылдыБизнестин айрым түрлөрүн салыктан бошотуу каралууда