Сүрөтчү кыздардын "Спорт менин көзүм менен" аталыштагы көргөзмөсү ачылды

"Спорт менин көзүм менен". Сүрөт-көргөзмөнүн ачылыш учуру. Бишкек. 2-июль, 2022-жыл.

Бүгүн, 2-июлда Бишкектеги "Дордой-Плаза" соода борборунда фото журналистика менен алектенген кыздардын “Спорт менин көзүм менен” аталышында көргөзмөсү ачылды.

Көргөзмөгө "Азаттыктын" фотокабарчысы Гүлжан Турдубаева жана спорт журналисттери Гулиза Авазова, Ксения Толканева тарткан кыргыз спортунун акыркы 10 жылдагы урунттуу учурлары камтылган сүрөттөр коюлган.

Иш-чара 2-июль - спорт журналисттеринин эл аралык күнүнө карата уюштурулган, бир жума бою уланат.

Спорт журналисттеринин эл аралык уюму (AIPS) 1924-жылы уюшулган. Уюмга Кыргызстан 1996-жылдан бери мүчө. Кыргызстандын спорт журналисттеринин федерациясы 1995-жылы түзүлгөн. (ECh/ZKo)

Дагы караңыз

Блогер Адилет Али Мыктыбек 29-июлга чейин камалдыУКМК Туйгунаалы Абдраимов келтирген зыяндын ордун толтурганын кабарлады"Аврора" пансионаты боюнча камалган шектүүлөрдүн бири ооруканага түшкөнү айтылууда"Кызымды колдон колго өткөрүшкөн". Милиция кызматкерлери секелекти зордуктоого шек саналуудаUniversal Pictures Орусиядагы ишин биротоло токтотот