Кыргызстанда СOVID-19ду жугузуп алгандар көбөйө баштады

Дарыгер бейтаптын сатурациясын өлчөп жаткан учуру. Кыргызстан, Бишкек. 2022-жыл.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалымдашынча, 11-июлда коронавирус жугузуп алган 14 адам катталды, бардыгы Бишкек шаарында. Маалыматка ылайык, оору жугузуп алгандардын бири Бириккен Араб Эмиратынан келген.

Илдетти жуктургандардын экөө гана эки жолу эмдөөдөн өткөн.

Ушул тапта 13 адам амбулатордук дарыланууда, бири ооруканага жаткырылды.

11-июлга карата бардык аймактар жашыл зонада.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө COVID-19 менен ооругандардын саны 201 215 адамга жетти.

Илдеттин кесепетинен 3 миңге чукул киши каза болду.(ZKo)

Дагы караңыз

Кыргызстан жана Орусиянын тышкы иштер министрлери сүйлөштүБайден Орусияга каршы турууда Сауд Арабиянын мунайы маанилүү экенин айттыНарындагы ок атуу: үч кишинин абалы оор Иранда аял-эркек чогуу бийлегени үчүн жети окутуучу иштен айдалды Мөңгүнүн көчүшүнүн себеби эмнеде? Орусиянын чектөөсү: Германияда газ тартышКыргызстан санкциядагы товарларды Орусияга өткөрүшү мүмкүн деген өлкөлөрдүн катарына кошулду