Кара-Кулжанын эки айылына 45,84 млн. сомго таза суу чыгарылды

Кара-Кулжадагы эки айылга суу берүү алдында. Ош облусу. 2022-жылдын 18-июлу.

Бүгүн, 18-июлда Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш жана Пор айылдарына Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) жардамы менен таза суу чыгарылды.

Ал "Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү" долбоорунун алкагында Дүйнөлүк банктын каржылоосу, Министрлер кабинетинин колдоосу менен АРИС тарабынан ишке ашырылды.

Кеңеш айылында 30 жыл мурда курулган суу менен камсыздоо системасы жарактан чыккан. Суу түтүктөрү тешилип, кудуктарга суу толуп калган. Ал эми Пор айылында суу менен камсыздоо системасы такыр болгон эмес. Айыл тургундары сууну булактан ичип келген.

2020-жылы башталган ишке 45,84 млн сом жумшалды. Ага Кеңеш айылында суу скважинасы, эки суу кампасы жана насостор курулуп, суу түтүктөрү орнотулду. Ал эми Пор айылында суу скважинасы, эки суу кампасы салынып, суу кампасына суу жеткирүүчү негизги түтүк жаткырылып, насостор курулуп, суу түтүктөрү орнотулду.

Суу системасынын курулушунун натыйжасында, жалпысынан эки айылдын 4374 жашоочусу таза суу менен камсыз болду. (КО)

Дагы караңыз

Бала бакчанын кызматкери алты баланы сүзүп алды19-июлдун аба ырайыКарыз кайтарылууда - Кыргызстан коңшу өлкөлөргө электр кубатын берүүдө Чүйдөгү фермада 223 бука, 30 миң түк чөп күйгөн