Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:29

Бала бакчанын кызматкери алты баланы сүзүп алды


"Шумкар" балдар бакчасы. 18-июль, 2022-жыл.
"Шумкар" балдар бакчасы. 18-июль, 2022-жыл.

15-июль күнү саат 11.30дар чамасында Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагындагы “Шумкар” балдар бакчасынын кызматкери А.А. бала бакчада тарбияланып жаткан алты жаш баланы коюп кеткен. Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, кырсык 43 жаштагы айдоочу Hyundai Getz үлгүсүндөгү менчик унаасын бала бакчанын короосуна көлөкө жерге токтотууга аракет кылганда болгон.

Жыйынтыгында эки жаштагы беш бала жана беш жаштагы бир бала денесинен жараат алышып, Кулунду айылдык ооруканасына жеткирилген.

Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин ("Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу") 2-бөлүгү ("Этиятсыздыктан ден соолугуна оор залал келтирүү") менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Экспертизанын жүрүшүндө А.А. аттуу жарандын айдоочулук күбөлүгү жок экени аныкталып, унаасы айып короого киргизилди.

Ал эми Лейлек райондук ооруканасынын маалыматына ылайык, балдардын бешөө азыркы тапта райондук ооруканада жатышат. Бир баланын абалы оор болгондуктан Бишкектеги ооруканага жеткирилди.

2017-2021-жылдар аралыгында өлкөдө 32 миңден ашык жол кырсыгы катталып, андан 4000 адам каза болуп, 49 миңден ашыгы ар кандай жаракат алган. Жол кырсыктарынын 86% айдоочулардын күнөөсүнөн болот. Кырсыктан каза тапкандардын 70% ишке жарамдуу 25-40 жаштагы жарандар.

Балдардын катышуусундагы жол-транспорт кырсыктарынын жалпы саны – 7541 учурду (23,1%) түзгөн. (JzA/KO)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG