Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:29

Чүйдөгү фермада 223 бука, 30 миң түк чөп күйгөн


 Пригородное айылындагы фермадагы өрт. 17-июль, 2022-жыл.
Пригородное айылындагы фермадагы өрт. 17-июль, 2022-жыл.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча кечээ - 17-июлда Аламүдүн районунун Пригородное айылындагы фермадан өрт чыккан. Өрт чалган ферманын жалпы аянты болжол менен 2000 чарчы метр.

Маалыматка караганда, өрттү өчүрүүгө Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары полковник Урматбек Шамырканов жетектеген ыкчам топ, Бишкек шаардык, Биринчи май, Свердлов, Ленин жана Аламүдүн райондук өрт өчүрүү кызматтары тартылган. Мындан сырткары Ички иштер министрлигинин аймактык тескөөчүсү, “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасынан эки суу ташуучу унаасы, “Газ чарба” кызматынан бир бригадасы тартылган.

Алардын жардамы менен өрт түнкү саат 2:03тө чектөөгө алынып, азыркы учурда да толук өчүрүү иштери уланууда. Өрттүн себеби жана келтирилген материалдык чыгым такталууда. Кырсыктын кесепетинен болжол менен 223 бука жана 30 миң түк күйгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин 18-июлдагы маалыматы боюнча, быйыл 6 ай ичиндеги кырсыктардын эң көбү бул өрт кырсыгы болуп эсептелет. Республиканын аймагында жарым жылда 823 жолу өрт кырсыгы катталган. (КО)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG