Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:16

1-сентябрда бир катар салыктарды төлөөнүн мөөнөтү аяктайт


Кассалык-көзөмөл машиналарын (ККМ) орнотууга каршы нааразычылык. Бишкек шаары, Кыргызстан
Кассалык-көзөмөл машиналарын (ККМ) орнотууга каршы нааразычылык. Бишкек шаары, Кыргызстан

Мамлекеттик салык кызматы бир катар салыктарды төлөө мөөнөтү жакындаганын эскертип маалымат таратты. Ага ылайык, жарандар унаа каражатына, жашаган үйүнө же батирине, үйдүн алдындагы, короо-жай жанындагы бак-чарба жер участокторунун салыгын 1-сентябрдан кечиктирбестен төлөшү керек. Салыкты өз убагында төлөбөгөн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык тараптарга 5 миң сом айып салынат.

Быйылтан тартып мүлккө, турак жайга жана транспорт каражатына мүлк салыгы боюнча маалыматтарды тараптар салык органдарына тапшырышы керек. Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле, 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Министрлер кабинетинин маалыматы боюнча, ушул жылдын алты айынын алдын ала жыйынтыгында консолидацияланган бюджеттин ресурстары 190,0 млрд. сомду түздү же 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 53,3 млрд. сомго көбөйгөн. Республикалык бюджеттин кирешелери 120 млрд. сомго жетип, былтыркыга караганда 47,1 % же 38,4 млрд. сомго көбөйдү.

Алты айда салыктан 93,1 млрд. сом түшкөн. Анын көлөмү былтыркы жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 35,6 млрд. сомго арбыган. Мамлекеттик салык кызматы 72,8 млрд. сом чогулткан, бул өткөн жылдын ушул мезгилиндегиден 24 млрд. сомго көп.

Министрлер кабинетинин ишкерлерге кассалык-көзөмөл машиналарын (ККМ) орнотуу демилгеси бир катар нааразычылыктарды жараткан. Ошондон кийин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдө 50 307 көзөмөл-кассалык аппарат коюлганын, бул 2021-жылга салыштырмалуу 2,4 эсеге көп экенин айтып, жылдык жүгүртүүсү 8 млн. сомдон ашып 30 млн. сомго чейин жеткен ишкерлерге 0,5%, ал эми 30 млн. сомдон 100 млн. сомго чейинкилерге 1% бирдиктүү салык киргизүүнү сунуштаган.

Жаңы Салык кодексине ылайык соода-сатык, жумуш аткаруу, тейлөө субъектилери накталай жана накталай эмес эсептешүүдө милдеттүү түрдө ККМ колдонушу керек. Мындай талап 1-августтан тартып коюла баштайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG