Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:46

ӨКМ быйыл селден 2731 турак үй жабыркаганын билдирди


Сузактагы суу каптоо. 2022-жылдын 4-майы.
Сузактагы суу каптоо. 2022-жылдын 4-майы.

Быйылкы өзгөчө кырдаалдардын ичинен эң олуттуу материалдык чыгымдарга алып келгени сел каптоолор болгонун өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 18-июлда маалымат жыйында билдирди.

Анын маалыматы боюнча, жалпысынан өлкөдө сел каптоодон 22 өзгөчө кырдаал катталып, анын кесепетинен республика боюнча 2731 турак үй, 46 социалдык объект, 242 чакырым унаа жолу, 38 ички чарбалык көпүрө, 1 605 га айдоо аянты, 52 чакырым сугат арыгы, 46 чакырым сел агуучу канал, 16 жеңил унаа жабыркаган.

Мындан тышкары 47 бодо, 601 майда мал-жандыктарын жана 846 үй канаттууларын сел агызып, жалпы материалдык чыгым 174 миллион 124 миң сомду түзгөн.

Сел каптоонун эң ириси 4-май күнү Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Атабеков, Барпы, Сузак айыл аймактарында катталаган. Ал аймакта жалпысынан 838 турак үйдүн короо жайына, 458 турак үйдүн ичине сел кирип, натыйжада 45 турак үй авариялык абалга келип, 73 турак үй капиталдык оңдоого муктаж болуп турат.

Мындан тышкары 12 социалдык объект, 3 ички чарбалык көпүрө жараксыз абалга келген. 210 гектар айдоо аянты, 16 чакырым унаа жол, 6 чакырым сугат арыгы, 13 чакырым сел өтүүчү канал сел каптоодон жабыркаган. Жыйынтыгында материалдык чыгым 106 миллион 932 миң сомго жеткен.

Бообек Ажикеевдун пикири боюнча, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана республикалык бюджетке күч келтирбөө максатында камсыздандыруу маселесинде көңүл буруу зарыл. Анализ көрсөткөндөй - жабыркаган жарандардын басымдуу көпчүлүгүнүн мүлктөрү камсыздандырылган эмес. Министр жарандарды мүлктөрүн камсыздандырууга олуттуу маани берүүгө чакырды. (TSh/KO)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG