Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:14

Абак кызматкери Жол кайгуул кызматынын машиналарын сүздү



2021-жылдын 21-ноябрында айрым активисттер Бишкекте Өкмөт үйүнүн алдында автокырсыктардын курмандыктарына арнап акция өткөрүшкөн. Алар бул кадамы менен Кыргызстанда көп катталып жаткан автокырсыктарга чара көрүүнү талап кылышты.
2021-жылдын 21-ноябрында айрым активисттер Бишкекте Өкмөт үйүнүн алдында автокырсыктардын курмандыктарына арнап акция өткөрүшкөн. Алар бул кадамы менен Кыргызстанда көп катталып жаткан автокырсыктарга чара көрүүнү талап кылышты.

Чолпон-Ата шаарына жакын Кара-Ой айылында жол боюнда токтоп турган Жол кайгуул кызматынын Ravon Nexia автомашиналарын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкери машинасы менен келип сүздү. Видео тасма көргөзгөндөй, жол эрежесин бузуучу алгач каршы тилкеге чыкканда андан жүрүп бараткан эки автомашина буйтап өткөн. Андан кийин ал түнкү сменден жаңы келип токтогон кайгуул кызматынын унааларын катуу ылдымдыкта келип сүзгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгы көргөзгөндөй KIA RIO унаасын башкарган жаран ичимдик ичкени жана ал Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын № 25 колониясынын жетекчисинин орун басары экени аныкталды. Окуя боюнча кылмыш иши козголду.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча 2017-2021-жылдар аралыгында өлкөдө 32 миңден ашык жол кырсыгы катталып, андан 4000 адам каза болуп, 49 миңден ашыгы ар кандай жаракат алган. Жол кырсыктарынын 86% айдоочулардын күнөөсүнөн болот. Кырсыктан каза болгондордун 70% ишке жарамдуу 25-40 жаштагы жарандар.

Балдардын катышуусундагы жол-транспорт кырсыктарынын жалпы саны – 7541 учурду (23,1%) түзгөн.

Учурда мас айдоочулардын жазасын катаалдатуу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтында коомдук талкууда турат. Документ кабыл алынса, мас абалында машина айдап эреже бузгандар алты айдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылат, азыркы мыйзамда бул мөөнөт сегиз жылга чейин деп көрсөтүлгөн.

Былтыр -2021-жылы беш миңдей жол кырсыгы катталып, набыт болгондор 500дөн ашкан. 2020-жылы 6126 жол кырсыгы катталып, 754 адам каза тапкан (анын 93ү балдар). Ал эми 2019-жылы 6663 жол кырсыгы катталып, 760 адам (91и балдар) көз жумган.

Кыргызстан - бир канча жылдан бери дүйнөдө жол кырсыгынан эң көп жарандары каза тапкан өлкөлөрдүн катарынан түшпөй келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG