Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:53

Унаалардын терезелерин караңгылатуудан 54 млн. сом түштү


Жол кайгуул кызматкери. Иллюстрациялык сүрөт. Бишкек, Кыргызстан
Жол кайгуул кызматкери. Иллюстрациялык сүрөт. Бишкек, Кыргызстан

Ички иштер министри Улан Ниязбеков унаалардын алдыңкы каптал терезелерин караңгылатууга уруксат берилгенден кийин бюджетке 54 миллион сомдон ашык каражат түшкөнүн билдирди.

Министр жол кырсыктары көп катталып жатканын, анын бирден-бир себеби жол эрежелерин сактабай айдагандар экенин белгиледи. Бул багытта министрлик айдоочулук күбөлүктөрдү алуу жоопкерчилигин күчөтүп жатканын, жыл башынан бери сынакка киргендердин көбү өтпөй калып жатканын билдирди.

"Унаа" мекемеси жол эрежелери боюнча 310 миң 502 жаран сынакка кирип, алардын 22% гана ийгиликтүү тапшырган.

Министр Ниязбеков азыркы учурда Бишкек шаарынын аймагында "автоураган" деп аталган заманбап эки кызматтык унаа иштеп жатканын айтты. Ал 14 багыттагы жол эрежелери боюнча функцияны аткарат. "Автоураган" унаалары ушул жылдын апрель айында ишке кигизилип, "коопсуз шаар" долбоорунун алкагында видео-камераларга түшүп, бирок айыбын төлөбөй жүргөн 600гө жакын унааны аныктаган. Мындан тышкары соттун чечими менен издөөгө алынган 150дөн ашык унаа, кылмыш жасоо маалында колдонулган 32 унаа, жол кырсыгы боюнча издөөгө алынган 61 унаа аныкталып, жалпысынан 900дөн ашык унаа атайын жайга киргизилген.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы 18-28-июль күндөрү бардык министрликтер алты айдын жыйынтыгы тууралуу коомчулукка отчет берерин кабарлаган. (TSh/KO)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG