Бишкек-Балыкчы: Люкс вагон кошулган поезд каттай баштайт

Вагон 51 жүргүнчүгө эсептелген.

Бишкектен Балыкчыга каттаган поездге 22-июлдан тартып жаңы люкс вагон кошулат. Бул тууралуу бүгүн 20-июлда «Кыргыз темир жолу» ишканасы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 51 жүргүнчүгө эсептелген, панорамалык терезелери бар жаңы вагон телевизор, заманбап аудиосистема, муздаткыч, кондиционер жана башка техника менен жабдылган.

Билет баасы беш жаштан 10 жашка чейинки балдарга 250 сом, чоңдорго 500 сом болот.

Люкс вагон 31-августка чейин эки күндө бир каттап турат.

Бишкек-Балыкчы поезди жайкы сезондо иш күндөрү беш, дем алышта тогуз вагон болуп каттайт. Быйыл соңку 12 жылдан бери алгачкы жолу жол киреси кымбаттап, 69 сомдон 150гө жогорулады.

25-июнда жаңы вагондун иши менен өкмөт башчы Акылбек Жапаров таанышкан. (RK)

Дагы караңыз

Садыр Жапаров Борбор Азияда атаандаштык эмес, кызматташтык маанилүү экенин айтты Чоң-Алайда аюу кол салган чек арачынын өлүмү иликтенип жататКымырылган акча Казакстанга кайта баштадыАймактарды өнүктүрүү фонддоруна бюджеттен 822 миллион сом бөлүндү