Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:28

Аймактарды өнүктүрүү фонддоруна бюджеттен 822 миллион сом бөлүндү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл жыл башынан бери Кыргызстанда аймактарды өнүктүрүү фонддорун каржылоого республикалык бюджеттен дээрлик 822 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу 20-июлда журналисттерге маалымат берип жатып каржы министри Алмаз Бакетаев билдирди.

Анын айтымында, быйыл бюджетте аймактарды өнүктүрүү боюнча фонддорду түзүү маселеси коюлган. Ошонун негизинде область, район жана райондук деңгээлдеги шаарларга тиешелүү фонддор түзүлгөн. Быйылкы жылга бюджеттен жалпысынан 2,1 миллиард сом ушул фонддорго каралууда.

Кыргызстанда жети облус, 44 район, 32 шаар жана 453 айыл өкмөтү бар. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG