Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:50

Садыр Жапаров Борбор Азияда атаандаштык эмес, кызматташтык маанилүү экенин айтты


Садыр Жапаров жана Борбор Азиянын башкы дипломаттары.
Садыр Жапаров жана Борбор Азиянын башкы дипломаттары.

Президент Садыр Жапаров Борбор Азия өлкөлөрү ортосундагы соода-экономикалык мамиле атаандаштык эмес, бирин бири толуктап турчудай болушу керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн 20-июлда Чолпон-Атада Казакстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын тышкы иштер министрлери Мухтар Тлеуберди, Сирожиддин Мухриддин, Владимир Норов жана Түрмөнстандын Кыргызстандагы элчиси Шадурды Мередов менен жолугушууда айтты.

Президент Кыргызстан товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүүнү, чет өлкөлүк түз инвестиция тартууну жана кооперацияны өнүктүрүүнү маанилүү деп эсептей турганын белгиледи. Аймактагы ар бир өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө багытталган соода-экономикалык, энергетикалык, транспорттук жана башка кызматташтык жалпы Борбор Азияда туруктуулукту, коопсуздукту, тынчтыкты жана өркүндөп өнүгүүнү камсыз кылуунун бекем пайдубалы экенин кошумчалады.

Жолугушууда президенттердин саммитинде карала турган маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

21-июлда Чолпон-Атада Борбор Азия лидерлеринин жыйыны өтөт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG