Нарында зомбулук боюнча жетекчилер жоопкерчиликке тартылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Нарын облустук прокуратурасы “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзамдын аткарылышы боюнча район жетекчилеринин ишин текшерди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдады.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, прокуратура үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу иш-чаралары тийиштүү деңгээлде жүргүзүлгөн эмес деген район жетекчилеринин орун басарларына Укук бузуулар кодексинин 435-беренеси (“Кызмат адамдарынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузуусу”) менен иш козгогон. Сот ал жетекчилердин ар бирине 10 миң сомдон айып пул салган.

Нарында ушул жылдын алты айында, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 132 факты катталып, анын ичинен 118 (89,4 %) учур аялдарга карата 13 (9,8%) учур жаш жете электерге карата жасалганы аныкталган.

Кыргызстанда соңку кездери аялдар карата зордук-зомбулук, үрөй учурган окуялар көбөйдү. Ички иштер министрлигинин эсебинде, былтыр үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 10 151 факты катталган. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга 9038 убактылуу коргоо ордери берилген болсо, анын 8463ү аялдарга, 264ү жашы жете электерге тиешелүү. (TSh)

Дагы караңыз

Бишкекте көчөлөргө суу себүү иши бир жума уланатИранда спикердин эс алуусу жөнүндө айтып чыккан активист камалдыСтамбулда Украинадан буудайды экспорттоо боюнча макулдашууга кол коюлдуОоруканада көз жумган кыздын өлүмү иликтенүүдө