Орусиядагы кыргызстандыктардын балдары Ысык-Көлдө эс алат

Чолпон-Ата шаарындагы "Алтын Балалык" ден соолукту чыңдоочу-реабилитациялык комплекси. 1-июнь, 2022-жыл.

Орусиянын Урал федералдык округунда жашаган кыргызстандыктардын балдары Ысык-Көлдө эс алат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, балдар 1-10-август күндөрү "Алтын балалык" ден соолукту чыңдоо жана реабилитациялык борборунда эс алат.

Окууда, чыгармачылыкта, спортто жана коомдук-маданий иш-чараларда өзгөчө айырмаланган 100 мекендештин балдарына Ысык-Көлдө алууга шарт түзүү Саламаттык сактоо министрлигинин чечими менен ишке ашууда. Эс алуу Жогорку Кеңештин депутаттарынын колдоосу, Уралдагы диаспора уюмдарынын жардамы менен уюштурулуп жатканы ТИМ тараткан маалыматта айтылган.

Чолпон-Ата шаарындагы "Алтын Балалык" ден соолукту чыңдоочу-реабилитациялык комплекси 1-июнда ишке берилген.

Медициналык-реабилитациялык борбор сегиз блоктон турат. Ал жерде аллергология, онкология, пульмонология, акушердик гинекология, балдар хирургиясы, функционалдык диагностика жана неврология бөлүмдөрү бар.

Комплекс бир мезгилде 400 баланы энеси менен кабыл алууга ылайыкташкан. Мекемеде медициналык илим изилдөө бөлүмү да иш алып барат. (КЕ)

Дагы караңыз

Орусиянын калкы беш айда 430 миң кишиге кыскардыБишкекте кампалардын бири күйүп кеттиЫсык-Көлдүн айрым айылдарын суу каптадыБлинкен Лавров менен февраль айынан бери биринчи жолу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү