Боомдогу автомобилдик кыймыл толук калыбына келтирилди

Боом. Архивдик сүрөт.

Боом капчыгайындагы жолдо автомобилдик кыймыл толук бойдон калыбына келтирилгенин, жол эки тарапка тең ачылганын 5-августтун кечки саат 9унда Транспорт жана коммуникация министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Бишкек–Балыкчы автожолунун 136-чакырымында 600 куб метрлик көчкү түшкөн, анын баары тазаланды.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы Боомдо нөшөр жаандан кийинки селдин кесепетинен көчкү түшүп, жолдун эки багытын жаап калганын билдирип, айдоочуларды жол кыймылынын убактылуу чектөөсүн түшүнүү менен кабыл алууга, алыскы сапарларды алдын ала пландаштырууга чакырган.

Селдин айынан Боомдун автожолу буга чейин да бир нече жолу убактылуу жабылып, темир жол каттамы бир күнгө токтогон. (RK)

Дагы караңыз

Ургант менен Эрнст “чет элдин таасириндеги тыңчы” тизмесине кирдиЫсык-Көлдө жуттан жүздөгөн кайберен кырылды"Үркүндө бүтүндөй үй-бүлө кырылган учурлар бар"Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушун талкуулоо үчүн Кытайдан 80 адис келди