Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:10

Ургант менен Эрнст “чет элдин таасириндеги тыңчы” тизмесине кирди


Иван Ургант/
Иван Ургант/

Орусия Федерациясында түзүлгөн “Орусияга каршы аракеттерди иликтөө тобу” (ГРАД) мамлекеттик мекемелердин маданият тармагындагы “чет элдин таасириндеги тыңчылардын” жана алардын “шериктеринин” тизмесин түздү. Муну "Справедливая Россия – За правду" партиясы демилгелеген.

“Тыңчылардын” тизмесине Биринчи каналдын алып баруучусу Иван Ургант жана аны колдоп жаткан киши катары “шериктер” тизмесине аталган телеканалдын башкы директору Константин Эрнст кирди. Режиссёр Александр Молочников биринчи сапка кошулса, Чоң театрдын директору Владимир Урин ага жардам берүүчү катары экинчи сапка кирди. "Би-2" эстрада тобу дагы “тыңчы” тобуна киргизилди.

“Орусияга каршы аракеттерди иликтөө тобунун” биринчи отуруму 3-августта өткөн. Анда ар кайсы партиялардын депутаттары, сенаторлор жана искусство ишмерлери катышты. Жыйынга катышкан жазуучу Захар Прилепин 2014-жылы Крым аннексиялангандан кийин Орусиянын көпчүлүк маданий ишмерлери “элге каршы” позицияны ээлеп алышканын айтты.

"Парламентская газета" басылмасы кабарлагандай, аталган топтун өкүлдөрү Биринчи каналдын жетекчилигине, Маданият, Санариптештирүү жана Спорт министрликтерине суроо-талап жөнөтүшкөн. Анда алар тизмеде аталгандар менен кызматташууну токтотууну талап кылышкан. Аталган топ эгер ысымы келтирилген адамдар Орусиянын Украинадагы "атайын операциясын" колдоп чыкса, тизмеден чыгарышарын билдиришти.

Иван Ургант өзүнүн Телеграм каналында муну комментарийлеп, топту шылдыңга алган билдирүү койду. Ал аны "Биздин Коомдун Душмандарын Аныктоочу Топ" - "Группу Обнаружения Врагов Нашего Общества" деп аталууну сунуштады. Ал бул аталыштын баш тамгаларынан турган аббревиатура менен топту сынга алып жатканы көрүнүп турат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG