Ысык-Көлдө дайынсыз болуп жаткан спортчу жээкке сүзүп чыкты

ӨКМ тараткан спортчунун сүрөтү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 6-августта Тоң районунун Кара-Шаар айылынан Тору-Айгыр айылына сүзүп өтүүгө чыккан 15 спортчунун бири саат 13:00 чамасында чоң толкундан улам дайынсыз кеткенин кабарлаган. Аны издөө жана куткаруу үчүн жергиликтүү төрт кызматкер тартылган.

Спортчу үч жарым сааттан кийин Тору-Айгыр айылында көл жээгине өзү сүзүп чыкты.

Жай мезгилинде Ысык-Көлдү ар кайсы аймагынан спортчулар сүзүп өтүшөт. 2021-жылы спортчу Владислав Шулико Ысык-Көлдүн 180 чакырымдан ашуун аралыкты сүзүп өтүп рекорд койгон. 2019-жылы Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын ошол кездеги төрагасы Эркин Асрандиев 31-августта Ысык-Көлдүн күңгөй тарабынан тескейине сүзүп баратканда катуу толкунга кабылып, сегиз сааттан ашуун дайынсыз жоголуп, табылган.

Ысык-Көлдүн узундугу 182, туурасы 58 чакырым. Эң терең жери 702 метр. (TSh)

Дагы караңыз

Израил Газа тилкесине сокку урду Запорожье атомдук электр станциясынын бир бөлүгү өчүрүлгөнү кабарланды  Аба ырайы: тоолуу райондордо жаан жаайтКыргызстанда карактоо жана тоноо кылмыштары көбөйдү