ТИМ Уфада иштен бошотулган кыргызстандыктардын көйгөйүн иликтей баштады

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги

Орусиянын Уфа шаарындагы түркиялык компаниянын иштен мыйзамсыз бошотконуна даттанган кыргызстандык айдоочулардын кайрылуусу каралып жатат. Бул боюнча ишти Орусиядагы элчилик алып барып жатканын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Уфадагы ардактуу консулу кыргыз жарандары туш болгон жагдай боюнча иштеп жатат. Министрлик иштен мыйзамсыз бошотулганын айткан мекендештерге тиешелүү консулдук-укуктук жардам көрсөтүлөрүн кошумчалады.

Буга чейин интернетте Башкырстандагы кыргыз жарандары кайрылуу жолдошкон. Алар аталган шаарда иш алып барган түркиялык компания жумуштан мыйзамсыз бошотконун жана укуктарын бузганына даттанган.(BkA)

Дагы караңыз

Медициналык багыттагы чет өлкөлүк студенттердин окуу акысынын төмөнкү чеги белгилендиАКШда жазуучу Салман Рушдиге кол салган адамдын тек-жайы аныкталдыАсанбаев жана Казакпаевдин өлүмү боюнча комиссия корутундусун чыгардыЧерногориядагы кол салууда 10 адам мерт болду