Кытай элчилиги кыргызстандык студенттер үчүн "жашыл коридор" ачты

Иллюстрациялык сүрөт.

Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги бул өлкөгө барып окуй турган кыргызстандык студенттердин виза алуусуна жеңилдетилген шарт түзүп жатканын элчи Ду Дэвэн Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен жолугушууда айтты.

Өкмөттүн басма сөз кызматы 26-августта маалымдагандай, элчи кытай тарап кайрадан Кыргызстандан студенттерди кабыл ала баштаганын, 25-августтан 30-сентябрга чейин элчиликте алардын виза алуусу үчүн «жашыл коридор» ачылып жатканын билдирди.

Кыргызстандык жаштар Кытайдын жогорку окуу жайларында мамлекеттик программалар аркылуу да, жеке долбоорлор аркылуу да барып окуп жүрүшөт. Коронавирус пандемиясына байланыштуу соңку жылдары студенттер карантиндик чектөөлөрдөн улам Кытайга кирүүдө кыйынчылыктарга туш болууда. (RK)

Дагы караңыз

Казакстанда жол кырсыгына кабылган автобустагы төрт кыргызстандык ооруканада жататЧүйдө аскерлер бараткан машина жол кырсыгына учурадыСатылган алтындын дайыны, өкмөт Бөлтүрүктөн отчет сурадыСербияда EuroPride жүрүшүнө тыюу салынды