Жол кырсыгына учураган курсанттардын тогузу ооруканада, 12си госпиталда жатат

Иллюстрациялык сүрөт.

Чүйдө ант берүү иш-чарасынан кийин жол кырсыгына кабылган курсанттардын тогузу ооруканага түшкөнүн, дагы 12си аскердик госпиталга жаткырылганын 28-августта “Азаттык” радиосуна Коргоо министрлигинен билдиришти.

Госпиталда дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган 12 аскер 29-августта чыгарылары айтылды.

Мекеменин басма сөз кызматынын башчысынын орун басары Толкун Райымжановдун айтымында, машина Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтуна таандык, жабыркагандардын абалын дарыгерлер канааттандырарлык деп мүнөздөп жатышат:

“Жабыркагандар бар. Биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, тогуз адам медицина мекемелерине жактырылган. Калгандары аскер дарыгерлеринин көзөмөлүндө. Алардын абалы канааттандырарлык. Бул факт боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат”.

Окуя 27-августта болжол менен саат 11:50 чамасында “Ата-Бейит” тарыхый мемориалдык комплексинен 300-400 метр аралыкта болгон. Ичинде курсанттар отурган автоунаа комплекстен чыгып, Бишкекти көздөй кетип баратканда жол боюндагы бакты сүзгөн.

Интернетте тарап жаткан маалыматтарга караганда, Аскер институтунун курсанттарын «Ата-Бейитке» ант бердирүү үчүн алып барышкан. (RK)

Дагы караңыз

550 миңдей кыргызстандык бала жакыр үй-бүлөдө тарбияланууда Кумтөр: президенттин түшүндүрмөсү, оппозициянын сыны Өзгөндө Кемпир-Абад маселеси боюнча жыйын өттү “Компартиянын бийлиги басма сөздү тескеп турган”