Бекмурзаев кылмыш иштерин каралоо деп баалады

Доскул Бекмурзаев.

Энергетика министри Доскул Бекмурзаевге өзүнө карата козголгон кылмыш иштерин “атымды каралоо үчүн жасалган кыңыр иш деп” эсептей турганын билдирди. Ал 13-сентябрда Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасап, мамлекет башчынын тапшырмасы менен энергетика тармагын реформа жасоого аракет кылып жатканын айтты.

“Мунун баары айрым бирөөлөргө жакпагандыктан, кээде кайсы бир таасирдүү адамга бут тосуулар болуп, кээде мунун айынан бир нече адамдын же бир топтун кызыкчылыгы тебеленет тура”, - деп жазды министр.

Башкы прокуратура Бекмурзаевге "кызмат абалынан кыянат пайдаланууга" байланыштуу эки кылмыш иши козголгонун билдирген. Прокуратуранын маалыматында министр тармакта адис эмес кызматкерлерди чет өлкөгө жиберип, мамлекеттин каражатын кетиргени, курулуш иштеринде 15 млн. сомдон ашык зыян келтиргени айтылат.

Ушул жылдын июль айында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бекмурзаевге оозеки эскертүү берген. Анын алдында Жогорку Кеңеште анын ишине сын доомат көп айтылган. Доскул Бекмурзаев айтылган дооматтарга жооп кайтарып, өзү башкарган мекеменин чамасы чак экенин, акча кызматкерлердин айлыгына да жетпей жатканын билдирген.

Ал 2021-жылдын июнь айында министрлик кызматка дайындалган учурда кыска аралыкта энергетика тармагын түп-тамырынан бери реформалай турганын жарыялаган. (TSh)

Дагы караңыз

Коргоо министринин жоокерлердин өлүмү жөнүндө маалыматы сынга кабылдыТенгиз Бөлтүрүк коррупцияга шек саналып камакка алындыДепутат зомбулуктан улам милиция кызматкерлерин кызматтан алууну сунуштадыБашкы прокуратура “Кумтөрдөн” 1 млрд. сомго жакын зыян келтирилгенин билдирди