Лукашенко Тажикстанга расмий иш сапар менен барды 

Эмомали Рахмон жана Александр Лукашенко. Дүйшөмбү шаары, Тажикстан. 11-октябрь, 2022-жыл.

Александр Лукашенко 11-октябрда расмий иш сапар менен Тажикстанга келип, Дүйшөмбү шаарында тажик лидери Эмомали Рахмон менен жолугушту.

Расмий маалымдалгандай, Лукашенко Рахмон сүйлөшүүдө Беларус менен Тажикстан соода тармагында үчүнчү өлкөлөргө чыгууда кызматташуусун арттырса болорун айтты. Ал муну үчүн биргелешкен товарларды өндүрүүнү сунуштады.

“Коңшу өлкөлөрдө муктаждыктар көп. Ооганстан биздин продукциябызга муктаж жана алар биздин байланыштар аркылуу сооданы арттырууга кызыкдар”, – деп жарыялады Лукашенко.

Сүйлөшүүлөрдө эл аралык жана чөлкөмдөгү маселелер, анын ичинде Украинадагы согуш, Ооганстандагы кырдаал, Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы мамиле кеп болгон-болбогону белгисиз.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу 10 документке кол коюлду. Анын ичинде 2022-2026-жылдары кызматташууну өнүктүрүү боюнча “Жол картасы” да кабыл алынды.

Александр Лукашенконун иш сапарынын алкагында Дүйшөмбү шаарында тажик-беларус бизнес-форуму жана беларус продукциясынын көргөзмөсү өттү. Жыйындарда Беларус менен Тажикстандын ортосундагы товар жүгүртүү өсүп жатканы белгиленди. Бул багыттагы көрсөткүчтөр 2022-жылдын сегиз айында өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге көбөйгөнү айтылды.

Беларус менен Тажикстанды Батыш мамлекеттери жана эл аралык уюмдар адам укуктарын одоно бузган өлкөлөр катары дайым сынга алып келет. Экөөндө тең оппозициялык көз караштагы адамдарга жана жалпыга маалымдоо каражаттарына куугунтук бар. Лукашенко да, Рахмон да 28 жылдан бери бийлик башында отурат. (ErN)

Дагы караңыз

Зеленский “Чоң жетинин” өлкөлөрүн Орусияны толук изоляциялоого чакырдыБДК Кемпир-Абадга байланыштуу билдирүү тараттыКадыркулов Украинадагы кыргызстандыктарды коопсуз жерде болууга чакырдыЧаткал: кендин эки жумушчусу иске ууланып каза болду, үчөө ооруканага түштүБишкек мэриясы жол кирени көтөрүүнү сунуштады