Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:36

Чаткал: кендин эки жумушчусу иске ууланып каза болду, үчөө ооруканага түштү


Чаткалдагы кырсык болгон шахта.
Чаткалдагы кырсык болгон шахта.

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы алтын кендеринин биринде эки жумушчу иске ууланып каза болду, дагы үчөө ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдирди.

Кырсык 11-октябрдын түнү болгон. Маалыматка караганда, 37 жана 24 жаштагы эки адам иске ууланып каза болгон. Үч киши Ала-Бука аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Алар Ала-Бука жана Чаткал райондорунун тургундары. Милиция фактынын чоо-жайын териштире баштады.

Жергиликтүү тургундар каза болгондор жана ооруканага түшкөндөр Иштамберди алтын кенин иштеткен кытайлык "Фул Голд Майнинг" компаниясынын жумушчулары экенин айтышты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги буга чейин 11-октябрда түнкү саат 02:30га жакын кен өндүрүүчү ишкананын инженери шахтанын ичинде газ чыкканын айтып кайрылганын, анын ичинде калган жаранды куткарууга тогуз куткаруучу тартылганын билдирген.


Көмүр кендеринде уулануудан же шахта урап, басып калгандан каза болгон окуялар буга чейин бир нече жолу катталган.

“Фул Голд Майнинг” компаниясы Иштамбердиде 2011-жылдан баштап иштейт. Аталган кенде 40 тоннага жакын алтындын кору бар. (КЕ/ТВ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG