Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:59

Чек ара жаңжалында жабыр тарткан эки айыл жаңыдан курулат


Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркаган Баткен районундагы Достук айылы. Сентябрь, 2022-жыл.
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркаган Баткен районундагы Достук айылы. Сентябрь, 2022-жыл.

14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркаган Баткен районунун Достук жана Капчыгай айылдары толугу менен жаңыдан курулат. Мындай жарлыкка президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда кол койду.

Ага ылайык, Баткен районунун Капчыгай жана Достук айылында жабыркаган үйлөр зыянды баалоо комиссиясынын аныктамасына карабай бузулат жана ордуна жаңы турак жай курулат. Курулуш белгиленген мөөнөттө аяктайт. Жаңы курулган үйлөрдүн документтери курулуш иштери аягына чыгары менен ээлерине акысыз берилери айтылды.

Президенттин жарлыгында Достук жана Капчыгай айылдарын жаңыдан деталдуу пландаштырып курууга, турак жайларды тургузууга акча каражаттарын атайын сметага ылайык жергиликтүү бийликке бөлүп берүү Каржы министрлигине тапшырылды. Министрлер кабинетине зарыл болгон чараларды ишке ашырууга милдеттендирилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 6-октябрдагы маалыматына караганда, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соңку куралдуу кагылышта кыргыз айылдарынан 661 үй зыян тарткан. Анын 423ү жашоого жараксыз болуп калган, 238 үй оңдоп-түзөлүшү керек.

Андан сырткары, 11 административдик, стратегиялык объектилер, 335 мал сарай, сегиз мектеп, эки бала бакча, үч фельдшердик-акушердик пункт зыян тарткан. 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объектилер талкаланып, өрттөлгөн. Ак-Суу дарыясындагы узундугу 36 метрлик унаа өтүүчү көпүрө жардырылып, 61 автоунаа өрттөлгөн же талкаланган. Кыргыз бийлиги жаңы үйлөрдү эки-үч айда курууну убада кылууда.

"Озоди" радиосу жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазган. Дүйшөмбү кыйроолор жана талкаланган турак жайлар тууралуу расмий билдирүү жасай элек. Көз карандысыз башка булактардан бул маалыматты тактоого мүмкүн болбой жатат.

14-17-сентябрда чек арада кан төгүлгөн окуя үчүн Бишкек менен Дүйшөмбү бири-бирин айыптоодо.

Кыргызстандын Ак-Сай айылында 5 миңге жетпеген эл жашайт. Айыл 40 миң чамалуу калк жашаган Тажикстандын Ворух анклавы менен чектешип турат. Төмөн жагында Тажикстандын 12 миңден ашуун тургуну бар Кожалы кыштагы бар. (ZKo/JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG