Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:04

Москвада полиция мобилизациянын алкагында мейманканаларды кыдыра баштады


Орусиянын полициясы мобилизацияга каршы чыккан адамды кармап кетип жатат. Иллюстрация.
Орусиянын полициясы мобилизацияга каршы чыккан адамды кармап кетип жатат. Иллюстрация.

Орусиянын Москва шаарында полиция кызматкерлери Travel Inn хостелинин эки жердеги филиалында жашап жаткан бир нече адамды мобилизациянын пунктуна алып кетти. Бул тууралуу орус тилинде маалымат тараткан эл аралык RTVI телеканалы мейманкананын администрациясына таянуу менен кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, полиция башка мейманканадаларды кыдырып жатат. Мындан сырткары жаштар чогулган Red Gates жана Under The Ground репетициялык базаларына да келишкени баяндалат. Алар кызматкерлердин, музыканттардын паспортторун алып коюп, аскер комиссариаттарына барууга милдеттендиришүүдө.

Москва шаарынын райондук башкармалыктары калаа тургундарына жапырт телефон чалып, аскердик комиссариаттарга ыктыярдуу түрдө келүүсүн эскертип жатат. Орус тилдүү "Можем объяснить" Телеграм-каналы түшүндөргөндөй, бул “мобилизациянын экинчи толкунуна даярдык” катары каралууда.

21-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялаган. Ушундан кийин миңдеген жарандар учак жана чек арадагы пункттар аркылуу өлкөдөн чыгып кете башташкан.

Мамлекет башчынын жарлыгынын алкагында 300 миңдей резервисттер аскерге тартылары айтылган. Коргоо министри Сергей Шойгу мурдараак мобилизациянын алгачкы эки аптасында 200 миңдей адам чакырылганын билдирген. "Новая газета. Европа" басылмасы жарлыктын жашыруун деп мүнөздөлгөн 7-пунктуна ылайык, 1 миллионго жакын адам мобилизацияга тартыларын жазган.

Атайын кайрылуу жасаган учурда президент Путин өзү аскердик адистиги жана согуштук тажрыйбасы бар резервдегилер гана мобилизацияга тартыларын айткан болчу. Ага карабай Коргоо министрлиги кеңири катмардагы жарандарды аскерге тартып жатканы кабарланды. Анын ичинде армияда кызмат кылбагандар, пенсионерлер, студенттер, мугалимдер, дарыгерлер, программисттер да тартылып, согушка жөнөтүлүп жатат. Мобилизацияга тартылгандар аскерде жатарга, тамак ичерге жана башка нерселер шарттар жоктугун, эски курал-жарактар берилип жатканын даттанып, видеолорду чыгарып жатышат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG