Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:42

Байсалов ЖККУ машыгуусуна байланыштуу комментарий берди


Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов РИА Новости агенттигине Кыргызстандын Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аскердик машыгуусун өткөрүүдөн баш тартканы боюнча комментарий берди.

Ал бул чечимди кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу жаңжалга байланыштуу кабыл алынганын билдирди. Ошол эле учурда Кыргызстандын "ЖККУга мүчөлүгү бузулгус" экенин белгилеген.

"Биздин ЖККУга мүчөлүгүбүз бузулгус, бизде бул уюмга карата мандат, миссия жана устав боюнча эч кандай маселебиз жок. Бирок албетте, акыркы окуяларды эске алганда, кан сууй элек. Кыргызстанда тажик коңшуларынын ошол кагылышууга катышкан куралдуу бөлүктөрү бул машыгууларга катышуусун колдобой тургандай коомдук пикир жаралып турат".

Байсалов Кыргызстандын ЖККУнун машыгууларын өткөрүүдөн баш тартуусун айрым жарандар "туура эмес чечмелеп" жатканынына тынчсыздануусун билдирген.

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Кыргызстанда боло турган кезектеги аскердик машыгуусу өтпөй турганы 9-октябрда белгилүү болгон.

Уюмдун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн “Бузулбас боордоштук” командалык-штабдык машыгуулары 10-14-октябрда Балыкчы шаарынын жанындагы “Эделвейс” полигонунда өтмөк.

1992-жылы негизделген ЖККУнун курамында алты өлкө бар – Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан.

Сентябрдын ортосунда Баткенде кыргыз-тажик чек арасында ондогон адамдын өмүрүн алган куралдуу жаңжал үчүн эки мамлекет бири-бирин аскердик агрессияга айыптап жатат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG