Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:47

Орусия Украинанын шаарларына жапырт сокку урууну улантты


Орусиянын армиясынын ракеталык соккуларынын кесепети. 10-октябрь, Киев, Украина.
Орусиянын армиясынын ракеталык соккуларынын кесепети. 10-октябрь, Киев, Украина.

Орусиянын Куралдуу күчтөрү Украинанын шаарларын жапырт аткылоосун 11-октябрда да улантты. Бул күнү дээрлик бардык облустарда аба айгайы (воздушная тревога) жарыяланды.

Киев жана Одесса облусундагы айылдар, Запорожье, Львов, Винница, Ивано-Франковск, Кривой Рог, Николаев жана башка шаарларга ракета, дрон жана артиллерия менен сокку жасалды. Ондогон имараттар талкаланды, бир нече адам өлдү. Жаракат алгандар да арбын.

Украин президенти Владимир Зеленский Орусия муну жайкын тургундардын үшүн алуу үчүн жасап жатканын, бирок украиналыктар коркпой турганын айтты.

"Украинаны коркутуу мүмкүн эмес. Бизди бириктирип гана жатасыңар. Украинаны токтотуу мүмкүн эмес. Бизди жөн гана террорчуларды эртерээк жок кылыш керектигибизге ишендирип жатасыңар", – деди ал соңку видео кайрылуусунда.

Орусиянын Куралдуу күчтөрү 10-октябрда таңга жуук Украинанын Киев баштаган ири ондогон шаарларына ракета менен сокку урган. Киевде жана Днепр, Харьков, Житомир, Одесса, Николаев, Тернопол, Винница, Кривой Рог, Запорожье, Львов баштаган ондогон шаарларга аткылоо болду. Турак-жайлар, энергетика жана башка инфратүзүм объектилери талкаланган.

Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча кызматы 11-октябрда кабарлагандай, дүйшөмбү күнкү жапырт соккунун курмандыктары 19 кишиге жетти. 105 киши жарадар болду. Учурда 300дөй айылда дале электр энергиясы берилбей турат, 3500дөй конушта ал калыбына келтирилген.

Орусиянын президенти Владимир Путин бул чабуулдар Крымды жардырууга жооп экенин, “соккулар абадан, деңизден жана жерден алыскы аралыкка атылчу жогорку тактыктагы куралдан” атылганын айткан. Ал Украинанын энергетикалык, аскердик жана байланыш объектилери талкаланганын кошумчалаган. Орус президенти Орусиянын аймагында теракттарды уюштуруу аракети болсо, “жооп мындан да катуу болорун” эскерткен.

8-октябрда Москва аннексиялап алган Крым жарым аралы менен Орусияны туташтырчу көпүрөдө жарылуу болгон. Украин бийлиги бул жардырууга тиешеси бар экенин расмий ырастаган эмес. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG