Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:48

Ирандагы нааразылыктарда франциялык беш жаран кармалды


Ирандагы нааразылыктар. Иллюстрациялык сүрөт.
Ирандагы нааразылыктар. Иллюстрациялык сүрөт.

Ирандагы соңку нааразылык акцияларына байланыштуу беш француз жараны кармалды. Бул тууралуу 11-октябрда Франциянын тышкы иштер министри Катрин Колонна француз радиолоруна билдирди.

Министр Катрин Колонна ирандык кесиптеши менен сүйлөшүп, өз мекендештерин бошотууга катуу аракет көрүлөрүн тактады.

Мурдараак Франция өз жарандарын тез арада Ирандан чыгып кетүүгө чакырган. Анда алар камакка алынышы мүмкүндүгү эскертилген эле.

6-октябрда Ирандын IRNA маалымат агенттиги франциялык Сесиль Колер жана Жак Пари аттуу жарандары кармалганын кабарлаган. Басылма алардын тыңчылык жасаганын жана Ирандагы баш аламандыктарды козутуп жатканын “моюнуна алган” видеолорун жарыялаган. Франция видеону "мажбурлап жаздырылга жана маскарачылык" деп атаган.

13-сентябрда Тегеранда адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн деген негизде кармап кеткен 22 жаштагы студент кыз Махса Амини абакта каза болгону 16-сентябрда кабарланган. Полиция ал жүрөгү кармап көз жумганын маалымдаган, бирок күбөлөр полиция аны катуу сабаганын айтып беришкен.

Буга байланыштуу нааразылыктар өлкөнүн 80 шаарларында тутанып, полиция менен кагылышуулар катталды. Демонстранттар курал кампаларын басып алып, өкмөттүк күчтөр менен атышып жатканы кабарланууда. Коопсуздук кызматкерлери да демонстранттарга каршы курал колдонуп жатат.

Осло шаарында жайгашкан “Ирандагы адам укуктары” уюмунун соңку маалыматына караганда, күч кызматкерлеринин колунан митингге чыккан кеминде 92 адам өлтүрүлдү, жүздөгөн адам жараат алып, миңдегени камалды. Айрым булактар каза болгондор 160ка жеткенин жазып жатышат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG