Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:17

"МедиаХаб" Казакстандагы фестивалда баш байге алды


Журналист Али Токтакунов жетектеген “МедиаХаб” коомдук фондунун кабарчылары Арген Бактыбек уулу менен Мээрим Айныкеева.
Журналист Али Токтакунов жетектеген “МедиаХаб” коомдук фондунун кабарчылары Арген Бактыбек уулу менен Мээрим Айныкеева.

Журналист Али Токтакунов жетектеген “МедиаХаб” коомдук фондунун кабарчылары Арген Бактыбек уулу менен Мээрим Айныкеева “Интерньюс Казакстан” уюму өткөргөн MediaCAMP Fest фестивалында “Түшүнүү мезгили” номинациясында биринчи орунду алды. Бул тууралуу “МедиаХаб” басылмасы кабарлады.

Фестивалга Борбор Азия өлкөлөрүнөн 821 материал тапшырылган. Аталган номинациянын алкагында кыргызстандык журналисттер командасынын “600% үстөк. Кыргызды карызга батырган Сомо” деп аталган иликтөөсү каралган.

Бул иликтөөдө 15 мүнөттө насыя алууга азгырган, өзүн ломбард атаган "Сомо" компаниясынын Кыргызстандагы ишмердүүлүгү баяндалган. Алар аталган компаниянын ээси латвиялык бизнесмен экенин, ага Латвиянын өзүндө тыюу салынганын таап чыгышкан. Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы мындан кийин "Сомо" компаниясын жапкан.

MediaCAMP Fest фестивалында “Азаттыктын” казак кызматынын журналисти Сания Тойкен NewReporter медиа сынчыларынын арасында мыкты деп аныкталган. Мындан сырткары казак кызматынын сайты Казакстандагы Январь окуяларын мыкты чагылдырганы үчүн атайын Qantar номинациясынын алкагында жеңүүчү болгон. Казак тилинде январь айы каңтар деп аталат.

MediaCAMP Fest фестивалы Алматы шаарында 8-10-октябрь күндөрү өттү. Сыйлык жеңүүчүлөргө иш-чаранын соңку күнү тапшырылды. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG