Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:01

Орусиялык хакерлер америкалык аэропортторго чабуул жасады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Америка Кошмо Штаттарынын бир катар ири аэропорттору дүйшөмбүдө Орусиянын аймагынан жасалган кибер чабуулдардын бутасына айланды. Бул тууралуу америкалык басылмалар расмий адамдарга таянуу менен кабарлады.

Чабуулдар аба кыймылдарын жана коопсуздугун көзөмөлдөө системаларын буза алган эмес. Хакерлер сайттарды, анын ичинде учактардын учуусу жана учуп келүүсү тууралуу маалыматтарын кыска убакытка толук же жарым-жартылай бөгөттөп салышкан.

Биринчи чабуул Нью-Йорктогу La Guardia аэропортуна жасалган. Андан соң Лос-Анжелестин, Чикагонун, Атлантаны, Де-Мойндун аба майдандарына чабуул болгон.

ABC телеканалына курган маегинде киберкоопсуздук тармагында иш алып барган Mandiant фирмасынын өкүлү Жон Халкуист чабуулдун артында орусиялык Killnet хакерлер тобу турарын билдирген. Анын сөзүнө караганда, чабуулдарга орус бийлигинин тиешеси бар-жогу аныктала элек.

Killnet хакерлер тобу Орусия Украинага басып киргенден кийин Киевге жардам көрсөткөн өлкөлөрдүн компьютердик системаларына чабуул жасаган. Соңку мезгилде алар америкалык мамлекеттик кызматтарга жасаган чабуулдарга жоопкерчилик алган.

АКШнын транспорт тармактарынын коопсуздук кызматынын өкүлдөрү чабуулдар олуттуу зыян алып келбегенин, кырдаал көзөмөлдө экенин билдирди.

Кошмо Штаттардын сенатындагы Демократиялык фракциянын башчысы Чак Шумер бул чабуулдарды Крымдагы көпүрөнүн жарылышына жооп деп атады. (ErN)

XS
SM
MD
LG