Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:12

Азербайжандын президенти Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди


Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. 11-октябрь, 2022-жыл.
Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. 11-октябрь, 2022-жыл.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев 11-октябрда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди. Аны “Манас” эл аралык аэропортунан президент Садыр Жапаров тосуп алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Мамлекеттик сапардын алкагында Кыргызстан менен Азербайжандын лидерлери эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, мамлекеттер аралык кеңештин биринчи жыйынына катышат.

Мындан тышкары “Кыргызстан-Азербайжан достугу” сейил багынын, Гейдар Алиев жана Низами Гянжеви атындагы жалпы билим берүү мектептеринин ачылышы болот.

11-12-октябрь күндөрү азери президентинин сапарына байланыштуу Бишкек жана Чүйдө айрым жолдор жабыла турганын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Исмаилов билдирген. Бул күндөрү жол жана коомдук коопсуздукту камсыздоого милициянын 4 миңден ашык кызматкери тартылат.

Президент Садыр Жапаров быйыл апрелде Бакуга расмий сапар менен барган. Анда кыргыз-азери мамилесин чыңдап, алака-катышты күчөтүүгө кызыкдар экенин билдирген.

Кыргызстан менен Азербайжандын соода жүгүртүүсү 100 млн. доллардын айланасында. Буга чейин соода-инвестициялык кызматташтыкты күчөтүү демилгеси улам көтөрүлүп, бирок натыйжа болбой келген.

Бишкек Бакудан мунайзаттарын алып, ага жеңил өнөр жай товарлары менен айыл чарба азыктарын сатууну көздөйт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG