Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:56

Женевада кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал талкууланды


Баткендин Достук айылы. Сүрөт 14-17-сентябрдагы куралдуу кагылыштан кийин тартылган.
Баткендин Достук айылы. Сүрөт 14-17-сентябрдагы куралдуу кагылыштан кийин тартылган.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Швейцарияга жасаган жумушчу сапарынын алкагында Женева шаарындагы Коопсуздук саясаты борборунда кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылыш тууралуу баяндама жасады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

"Эдил Байсалов 2022-жылдын 14-16-сентябрында Баткен облусунун тынч жаткан айылдарына тажик тараптын куралдуу кол салуусунун кайгылуу кесепеттери тууралуу кеңири баяндама жасады. Баяндамадан соң Женева борборунун директору, швейцариялык дипломат жана ЕККУнун мурдагы башкы катчысы Томас Гремингер менен өлкөлөр ортосундагы талаш-тартыштарды чечүүдө дипломатиянын инструменттерин колдонуунун мүмкүн болгон жолдору боюнча талкуу болду", - деп жазылат маалыматта.

Дебаттын жүрүшүндө баяндамачылар Женева дипломатиялык корпусунун, илимий чөйрөнүн, талдоочулардын, журналисттердин жана студенттердин суроолоруна жооп беришти. Ошондой эле иш-чаранын катышуучулары "агрессиянын кесепеттерин, көп сандагы адам курмандыктарын, инфраструктуранын кыйроосун жана келтирилген экономикалык зыяндын далилдерин чагылдырган фотокөргөзмө менен таанышууга мүмкүнчүлүк" алышканы белгилеген.

Женевадагы коопсуздук саясаты борбору (GCSP) 1995-жылы Швейцариянын мыйзамдарына ылайык тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуулукту курууга жана колдоого көмөк көрсөтүү максатында түзүлгөн эл аралык фонд. Ага 52 өлкө мүчө болгон, арасында Кыргызстан да бар. Андагы мүчө-мамлекеттер кирген кеңеш башкаруучу органы болуп саналат.

Быйыл сентябрдын ортосунда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында ондогон адамдын өмүрү кыйылган. Бул үчүн эки мамлекет бирин-бири аскердик агрессияга айыптап жатат. Кыргызстан 63 жаранынан ажырап, 200дөн ашыгы жараат алган, чек аралаш айылдарда жүздөгөн үйлөр, социалдык объектилер талкаланган.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жараат алганын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып 74 кишинин тизмесин жарыялаган. Бирок маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG