Жогорку Кеңештин вице-спикери Улан Примов ордун тапшырды

Улан Примов.

Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов вице-спикерлик ордун бошотуу ниетин бүгүн 12-октябрда парламенттин жалпы отурумунда билдирди. Депутат бул кадамын жаңы шайланган төрага менен бир фракциядан болгону үчүн деп түшүндүрдү.

"Биз жаңы төрага менен бир фракциядан болгонубуз үчүн моралдык жоопкерчиликтен улам вице-спикерликтен кетүүнү чечтим", - деди Примов.

Айрым депутаттардын сунушу менен жаңы вице-спикерди шайлоо түштөн кийин өтө турган болду.

Улан Примов Жогорку Кеңештин 6-7-чакырылыштарындагы депутаты.

2021-жылы №11 Алай аймагынан бир мандаттуу шайлоодо утуп келген.

5-октябрда Жогорку Кеңештин спикери алмашкан.

"Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын лидери Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланып, ага чейин бул кызматты аркалап келген Талант Мамытов өз каалоосу менен кетип жатканын жарыялаган. Жогорку Кеңештин 5-октябрдагы жалпы жыйынында Талант Мамытов спикерликтен кетип жатканына "парламенттеги акыркы айрым окуялар себеп болгонун" учкай кыйыткан. (ZKo)

Дагы караңыз

Депутат камактагы активисттин ишине киришүүгө чакырдыМэрия Баткенде курман болгон аскердин атын көчөгө берүүгө макул болгон жокПарламентте кыргыз-өзбек чек арасы боюнча маселе көтөрүлдүБаткен: эвакуация болгондордун 6 миңге жакыны үйлөрүнө кайта элекАстанада Борбор Азиянын санариптик соода форуму өтүүдө Лукашенко Тажикстанга расмий иш сапар менен барды Зеленский “Чоң жетинин” өлкөлөрүн Орусияны толук изоляциялоого чакырды