Нурланбек Азыгалиев Жогорку Кеңештин вице-спикери болуп шайланды

Нурланбек Азыгалиев.

Депутат Нурланбек Азыгалиев Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланды. 12-октябрда парламенттеги жашыруун добуш берүүдө анын талапкерлигин 81 депутат колдоду. 9 бюллетень жараксыз болуп чыкты.

Парламенттеги "Элдик" депутаттык тобунун мүчөсү Нурланбек Азыгалиев Жогорку Кеңешке бир мандаттуу №11 Жайыл шайлоо округунан шайланып келген. Ушул жылдын башында вице-спикерликке анын талапкерлиги сунушталып, тийиштүү добуш ала алган эмес.

Бул кызматты ээлеп келген депутат Улан Примов бүгүн, 12-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында вице-спикерликти тапшырганын жарыялаган. Депутат жаңы шайланган төрага менен бир фракциядан болгону үчүн ушундай чечим кабыл алганын түшүндүргөн.

Ушул эле күнү депутаттар парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагагалыгына Мурадил Сыдыковду шайлашты. Ал буга чейин комиет башчынын орун басары болгон.

5-октябрда "Ата-Журт - Кыргызстан" фракциясынын лидери Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган. Ага чейин бул кызматты аркалап келген Талант Мамытов төрагалыктан өз каалоосу менен кеткенин жарыялаган. (КЕ)

Дагы караңыз

Крым көпүрөсүндөгү жарылууга байланыштуу Орусияда сегиз киши кармалдыКыргызстандын 7 миллионунчу жараны октябрда төрөлөрү күтүлүп жататNASA Жерди куткаруу үчүн астероиддин багытын өзгөрттү Байден: Путин Украинага кол салуу менен “толук жаңылыштык” кетирди