Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:59

Крым көпүрөсүндөгү жарылууга байланыштуу Орусияда сегиз киши кармалды


Крым көпүрөсүндөгү жарылуу. 8-октябрь, 2022-жыл.
Крым көпүрөсүндөгү жарылуу. 8-октябрь, 2022-жыл.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) Крым көпүрөсүндөгү жардырууну уюштурууга шектелген сегиз адамды кармады. Бул тууралуу мекеменин билдирүүсүнө таянуу менен орусиялык басылмалар кабарлады.

Кармалгандардын бешөө Орусиянын, үчөө Украинанын жана Армениянын жарандары. Мекеме жалпы 12 адамды шектүү катары карап жатат, дагы үч киши кармала элек.

ФСБнын жана Тергөө комитетинин версиясына ылайык, жардыруу Украинанын Коргоо министрлигинин Башкы чалгын башкармалыгы жана анын жетекчиси, кызматкерлери тарабынан уюштурулган. Тергөөчүлөр жарылуучу заттар курулуш материалдарына оролуп, жүк ташуучу автоунаага салынган деп эсептешет. Жүк Одессадан Болгарияга барып, андан Грузияга, Арменияга, кайра Грузия аркылуу Орусияга жеткирилген деп болжолдонуп жатат.

Мурдараак Болгариянын премьер-министринин милдетин аткаруучу Гылыб Донев Крым көпүрөсүндө жардырылган автоунаа алардын өлкөсүндө болбогонун айткан эле.

Москва аннексиялап алган Крым жарым аралы менен Орусияны туташтырчу көпүрөдөгү жарылуу 8-октябрдын таңында болду. Тергөөнүн маалыматында, жарылуучу зат салынган жүк ташуучу автоунаа жарылган. Натыйжада көпүрөнүн бир бөлүгү урап, кош линияда күйүүчү май ташып бараткан поезд өрттөнүп кеткен. Жардыруу боюнча "терроризм" беренеси менен иш козголуп, тергөө иштери башталган.

Орусиянын президенти Владимир Путин бул жарылууну теракт деп атаган жана аны уюштурууга Украинанын атайын кызматын айыптаган. Украин бийлиги бул жардырууга тиешеси бар экенин расмий ырастаган эмес. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG