Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:36

"Тажикстанга көмүр сатылбай калды". Сүлүктүдөгү абал


Сүлүктү шаарынын кире бериши.
Сүлүктү шаарынын кире бериши.

Кыргызстандын Улуттук статистика комитети 2022-жылы Тажикстанга көмүр экспорттолбогонун маалымдады.

Тараптардын жыл ичиндеги соодасынын көлөмү жети эсеге азайган. Чек арадагы келишпестиктен улам муздаган кыргыз-тажик алакасы Сүлүктү шаарындагы өндүрүлгөн көмүрдүн экспорттук багытын кыйла өзгөрткөн. Учурда Сүлүктү көмүрү көбүнчө коңшулаш Өзбекстанга сатылууда.

Сүлүктүдөгү көмүр кенинде иштеген Жунус Олжобаев былтыр апрелдеги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин Тажикстан менен соода токтогонун айтууда.

"Былтыр Өзбекстанга кетпейт эле. Тажикстан жабылгандан кийин Өзбекстанга жол ачылды. Ага чейин Өзбекстанга Тажикстан аркылуу сатылып келген. Азыр Өзбекстанга кыргыздар өздөрү эле ташып жатат. Менин шахтада иштегениме 12-13 жыл болду. Буга чейин казылган көмүрлөр жалаң Тажикстанга кетчү, Өзбекстанга эми башталды. Жаңжалга чейин бир айга чукул иш токтоп калды. Комиссия келип текшерип, шахтылардын 80-90% иши токтоп калган".

Сүлүктүдөгү көмүр шахталарынын көпчүлүгүнүн жетекчилери өндүрүштөгү көйгөйлөр тууралуу ачык айтуудан карманышат. Айрымдары "айтаар сөз көп экенин, бирок аларды айтса тиешелүү кишилер үйүнө чейин келип опуза кыларын" айтып беришти.

Бизге сүйлөп берүүгө макул болгон Мамаюсуп Рахманов аймактагы көмүр шахталардын биринин ээси.

"Жаңжалдар биздин жамаатка таасир этет. Мисалы, биздин жумушчулардын 70% айылдардан келет. Айыл дегенде Кулунду өрөөнүнөн, Лейлек районунан. Миңдеген адам качып аткандан кийин бизде бир жума, он күн иш токтоп калды. Азыр эми акырындык менен адам топтоп жатабыз, көбү жок".

Сүлүктү шаарынын мэриясынын маалыматында шаар аймагында жалпысынан каттоодон өткөн 43 шахта бар. Учурда алардын 32си гана иштейт. Ал шахталарда Сүлүктү шаары жана Лейлек районунун жалпы аймагынан 2 миң жумушчу иштейт.

Профилактикалык иштер жүргүзүлгөндө, газ, суу чыгып кеткенде, тоо-тек жылганда жана башка айрым учурларда алардын иши токтоп калат. Мындан тышкары, Тажикстан менен болгон жаңжалдарда да шахталардын ишин токтотууга туура келет. Шахталарды токтотуп, кайра иштетүү фирмаларга чоң эле чыгаша алып келет.

Деген менен, көмүр шахталары жана алардын иши боюнча расмий маалыматтар бирдиктүү эмес, бул тармакты көзөмөлдөгөн министрликтин маалыматтары жергиликтүү бийликтин маалыматтарынан айырмаланат.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Жер казынасын иштетүү башкармалыгынын адиси Талантбек Уметалиев Сүлүктүдөгү көмүр кендеринде 2021-жылы коюлган пландан 43,5% аз өндүрүлгөнүн айтып берди. Бирок эмнеге өндүрүш кыскарганын түшүндүрүп бере алган жок.

"Бүгүнкү күндө Сүлүктү кенинде 79 жерге казып алуу иштерине лицензия алынган. Анын ичинен 28и долбоор түзүү этабында, 51 казуу боюнча иш алып барууда. 2021-жылы баары биригип 268 миң 900 тонна көмүр казышкан. Лицензиялык келишимдер боюнча жалпысынан 475 миң тонна көмүр казмак. Бирок, ал көрсөткүчкө жетишкен эмес, башкача айтканда план 56,5% аткарылган. Калганы аткарылган эмес".

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстан 2021-жылы Тажикстанга 2 773 тонна таш көмүр, 82 823 тонна күрөң көмүр (бурый уголь) экспорттогон. Сүлүктү шаарынын мэри Максат Кадыркулов көмүрдүн түрлөрүн мындайча түшүндүрдү:

Максат Кадыркулов
Максат Кадыркулов

«БСШ маркасындагы көмүр негизинен Өзбекстанга сатылат. Өзүн-өзү араң жапса да аргасыздан ошолорго сатышат. Ал эми БК, БР деген маркадагы көмүр болсо жергиликтүү элге сатылат, Баткен, Ош, Бишкек шаарына чейин тандырга шишкебекке деп кетет”.

Бул жылы күрөң көмүр 2020-жылга караганда дээрлик 70% көп экспорттолгон. Кыргызстандын расмий маалыматтары көрсөткөндөй, 2022-жылы Тажикстанга көмүр экспорту жасалган эмес.

Ал эми «Тренд» экономикалык басылмасынын Тажикстандын бажы кызматына таянып жазганы боюнча, Тажикстан 2022-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстандан 34,5 миң тонна көмүр импорттогон.

Мэриядан билдиргендей, шахталарга жылына 300 миң тоннага чейин көмүр өндүрүү тапшырмасы берилет. 2022-жылдын сегиз айында 179,3 миң тонна көмүр өндүрүлгөнүн, кыш жакындаган сайын өндүрүүнүн көлөмү да өсүүдө.

Шаар мэри Максат Кадыркуловдун айтымында, 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик жаңжалы өндүрүшкө зыян алып келген.

“Шаардын бюджетинин 60% шахталардан түшкөн кирешелер түзөт, бул 41 миллион сомго айланат. Шахтадан түшкөн салыктардын көбү эле республикалык бюджетке кетет. Мурун, мисалы сатуудан түшкөн салыктардын жарымы республикалык, жарымы жергиликтүү бюджетке түшүп келген болсо, эки жылдан бери алар толук бойдон республикалык бюджетке түшүп калган. Бизге киреше салыгы (подоходный налог) толук бойдон түшөт. Жанагы эки миң киши деп жатканым, ошол эки миң кишинин орточо айлык акысынын бизге тиешелүү бөлүгү 100% түшөт”.

Сүлүктү жайгашкан жери боюнча көмүр казууга гана ылайыкташкан. Айыл чарбасы жана мал чарбасы менен жан багууга мүмкүн эмес. Тургундар көмүр ишканалары менен гана жан сактайт. Мектеп, балдар бакчасы, саламаттык сактоо мекемелери сыяктуу ишканалар шахтерлорго кызмат көрсөтүүгө гана багытталган.

Кен казуу боюнча жергиликтүү адис Байыш Абдыраимов Сүлүктү көмүрүн Тажикстанга сатуу жергиликтүү өндүрүүчүлөргө ыңгайлуу экенин, бирок чек арадагы жаңжалдар экспорттук багытты өзгөртүүгө мажбур кылганын айтты.

Байыш Абдыраимов
Байыш Абдыраимов

"Тажикстан жакын да, аралык 40 эле чакырым. Тополоңго чейин Тажикстан тынбай алып турган, көмүрдүн майдасына чейин алып, реализация абдан жакшы болуп турган. Шахталардын көрсөткүчтөрү дагы жогору болуп, Казакстан менен Өзбекстандан алуучулар бирин-серин гана келип турган. БК, БР, БСШ деп үч сорту болот, ошолордун сортуна карап чоңу, майдасы дебей негизинен Тажикстанга кетип турган. Шаардын экономикасына дагы салымы жакшы болгон. Ошолор биротоло токтоду, көмүр азыр Тажикстанга кирбейт. Азыр эми Өзбекстан менен жол ачылганына байланыштуу ошол жакка ташып атат. Бул эми бир кыйла оор келет, жол ыраак. Баа жагынан дагы бир аз таасири болот".

Буга чейин кыргыз-тажик чек арасы бир тараптуу жабык турганына карабай Сүлүктүгө келип иштеген жөнөкөй тургундардын каттамы токтобой жатканы айтылган.

Ушул жылдын май айында Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Сүлүктү шаарында мыйзамсыз жашап, иштеп жүргөн Тажикстандын он бир жараны кармалганын маалымдаган.

Атайын кызматтын билдиришинче, 30-апрелде кармалган тажик жарандары Сүлүктү шаарындагы көмүр кампаларынын биринде мыйзамсыз жашап, иштеп жүргөн. Алар Тажикстандын Согд облусунун Жаббар Расулов районунун чек арага жакын Коргончо айылынын тургундары экени кабарланган.

Лейлек районунун соту 3-июндагы сот чечими менен алардын ар бирине 50 миң сом өлчөмүндө айып пул салып, бошоткон.

Кыргыз-тажик чек арасында акыркы эки жылда ири куралдуу кагылышуулар болуп, эки тараптан ондогон кишилер каза тапты. 16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Тажикстан ушундай эле күнөөнү Кыргызстанга оодарган. Президент Жапаров Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясында сүйлөп жатып, Кыргызстан бардык талаштуу чек ара маселелерин чечүү үчүн Тажикстан менен сүйлөшүүлөрдү каалаган форматта улантууга даяр экендигин айтты.

Кыргызстанга кошуна өлкөлөрдүн ичинен Тажикстан гана экономикалык мамилелери өтө солгун болуп калган жалгыз өлкө. Кыргызстандын тышкы соодасындагы Тажикстандын үлүшү учурда 0,1 % гана түзөт. Кытай, Казакстан жана Өзбекстан Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрү болуп саналат.

XS
SM
MD
LG