Бишкек Баткенге убактылуу контейнер үйлөрдү жөнөтө баштады

Бишкектен Баткенге жөнөтүлүп жаткан контейнер үйлөр.

Бишкек мэриясы Баткенде чек арадагы коогадан кийин үй-жайынан айрылган тургундарга ишкерлердин жардамы менен убактылуу жашай турганга контейнер үйлөрдү жасап жөнөтө баштады. Шаар башкармалыгынын 13-октябрдагы маалыматына караганда, темир контейнерлердин ичинде убактылуу тиричилик көрүүгө тийиштүү шарт түзүлгөн.

Алгачкы 16 үй Баткенге жөнөтүлдү, жакында дагы 12си барат. Жалпысынан 50нү даярдап жөнөтүү пландалууда.

Быйыл 16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү кайра Бишкекти күнөөлөгөн.

Кыргызстан бери дегенде 63 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Жалпысынан 136 770 адам эвакуация болгон, алардын 6 миңдейи бүгүнкү күндөрдө атайын жайларда жа башкалардын үйүндө жашап жатышат.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, 200 чукулу жаракат алганын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 81 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды. Бул маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда. (RK)

Дагы караңыз

Орусия менен энергетика боюнча кызматташтык тууралуу келишим кабыл алынды Николаев шаарын ракетадан аткылоодон беш адам мерт кеттиЖейми Флай “Азаттык” радиосуна каршы коркутууну иликтөөгө чакырдыИИМ автоунаа эвакуациялаган ишкана менен келишимин узартпайт