Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:13

Орусия менен энергетика боюнча кызматташтык тууралуу келишим кабыл алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан менен Орусиянын электр тармагындагы эки ишканасынын ортосунда кабыл алынган кызматташтык тууралуу келишим алкагында Кыргызстандын электр энергетикалык системасын өнүктүрүү долбоорлору ишке ашырылат. Бул тууралуу 13-октябрда Орусиянын “Россети” ишканасы билдирди.

Узак мөөнөттүү стратегиялык кызматташтык боюнча келишимге “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ишканасы менен “Россетинин” жетекчилери Алтынбек Рысбеков жана Андрей Рюмин Москвада өткөн “Орусиянын энергетикалык жумалыгы” алкагында кол коюшту.

Келишим инфраструктура түзүү, модернизациялоо, тажрыйба алмашуу, электр түйүндөр комплексин санарипке өткөрүү, инновациялык ыкмаларды колдонуу иштерин жүргүзүүгө багытталары белгиленди.

Кыргызстандын Орусия менен энергетика тармагында кызматташуу тууралуу буга чейин пландалган бир долбоору ишке ашпай калган. Ага ылайык орус тарап Жогорку Нарын ГЭС каскадын жана “Камбар-Ата-1” ГЭСин курмак. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG