Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:50

Николаев шаарын ракетадан аткылоодон беш адам мерт кетти


Николаев шаары. 13-октябрь, 2022-жыл.
Николаев шаары. 13-октябрь, 2022-жыл.

Украинанын Николаев шаарына бейшембиге караган түндө абадан жасалган соккудан беш адам набыт болду.

Куткаруучулар ракета талкалаган беш кабаттуу үйдүн урандысынын алдынан бешинчи адамдын сөөгүн 13-октябрда кечке жуук табышты. Бул тууралуу Николаев шаардык кеңешинин төрайымы Анна Замазеева маалымдады.

13-октябрга караган түндө Орусия тарап С-300 ракетасы менен Украинанын 40тан ашуун эл жашаган аймактарын аткылаганын Башкы штаб маалымдады.

Президент Владимир Зеленский бейшембиде Европа Кеңешинин өкүлү менен жолугушууда Украина өзүнүн асманын коргоого тийиш экенин айтты.

"Бул согушту жакынкы аралыкта толук токтотууга кадам болмок", - деди Зеленский.

Британ өкмөтү зениттик NASAM комплексин берүүнү убада кылды. НАТОнун башка мүчө өлкөлөрүнүн коргоо министрлери ракета чабуулунан сактай турган башка жабдууларды бермекчи болушту.

NASAMS системасын Украинага жиберерин АКШ да билдирген.

Кошмо Штаттары Украинага жалпы 20 даана HIMARS реактивдүү артиллериялык системасын жиберген.

10-октябрда Орусия кургактан, абадан жана деңизден жалпысынан 80дей ракета учуруп, Украинанын Киев баштаган ондогон шаарларын аткылаган. Ракеталардын теңинен көбүн украин коргоо күчтөрү асманда жок кылганга үлгүргөн. Калгандары карапайым тургундар жашаган аймактарга, энергетикалык объектилерге тийди.

Өмүрү кыйылгандардын саны 20га жетип, жүздөн ашуун киши жараат алды.

Орусиянын президенти Владимир Путин Украинаны жапырт аткылоо Крым көпүрөсүндөгү жарылуу үчүн жооп экенин белгилеген. Ал Орусиянын аймагында теракттарды уюштуруу аракети болсо, “жооп мындан да катуу болорун” эскертти.

Путин үчүн символикалык мааниге ээ деп саналган Крым көпүрөсүндөгү жарылуу 8-октябрда болгон. Ал үчүн украин бийлиги түз жоопкерчилик алган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG