Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Франция Германияга жаратылыш газын бере баштады


Франциядагы газ куурлары. Иллюстрациялык сүрөт.
Франциядагы газ куурлары. Иллюстрациялык сүрөт.

Франция алгачкы жолу Германияга жаратылыш газын бере баштады. Бул тууралуу Associated Press агенттиги франциялык газ ишканасына шилтеме кылып билдирди.

Германиянын Федералдык тармактар агенттигинин башчысы Клаус Мюллер Францияга жаратылыш газы үчүн ыраазычылык айтты.

Associated Press агенттиги Германиядагы газ сактоочу жайлар 95% толтурулганын белгилеп, бирок баары бир кышында эл газды үнөмдөөгө аргасыз болорун жазды.

Орусиянын газынан баш тарткандан кийин Франция менен Германия энергетикалык тилектештик боюнча макулдашкан. Париж Берлинге газ берет, Германия Францияны электр энергиясы менен камсыз кылат.

Украина Европа өлкөлөрүнө электр энергиясын экспорттоону көбөйтөрүн Украинанын премьер-министри Денис Шмыгаль да билдирген.

Евробиримдикке мүчө өлкөлөр ушул жылдын 1-августунан 2023-жылдын 31-мартына чейин жаратылыш газын керектөөнү акыркы беш жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 15% ыктыярдуу түрдө азайтууга аракет кылары пландалган.

Евробиримдик импорттогон Орусиянын жаратылыш газынын 40% жакынын Германия алат.

Көгүлтүр отту үнөмдөөнүн максаты – Орусия Евробиримдикке газ берүүнү азайтуусуна байланыштуу даярдык көрүү. Биримдик Украинадагы согуштан улам Орусиянын жаратылыш газына каршы санкция киргизбегени менен Москва кабылган экономикалык санкцияларга жооп катары акыркы айларда Евробиримдикке газ берүүнү бир топ азайтты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG