Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:54

Газды керектөөнү 15% азайтуу боюнча ЕБдин жобосу күчүнө кирет


"Түндүк агым 1" газ кууру. Германия. 8-март, 2022-жыл.
"Түндүк агым 1" газ кууру. Германия. 8-март, 2022-жыл.

Европа Биримдиги (ЕБ) уюмга мүчө мамлекеттерди жаратылыш газын пайдаланууну 15% чейин кыскартууга чакырды. Эки апта мурда жактырылып, 8-августта Европа Кеңешинин жобосу катары жарыяланган план бир жылга колдонулат жана 9-августта күчүнө кирет деп күтүлүүдө.

“Орусиянын Украинага каршы аскердик агрессиясынан улам чыккан газ коопсуздугуна коркунуч туудурган жагдайларды эске алуу менен, бул жобо шашылыш түрдө күчүнө кириши керек”, - деп айтылат жободо.

Планга ылайык, Евробиримдикке мүчө өлкөлөр ушул жылдын 1-августунан 2023-жылдын 31-мартына чейин жаратылыш газын керектөөнү акыркы беш жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 15% ыктыярдуу түрдө азайтууга аракет кылат.

Еврокомиссиянын маалыматы боюнча, алдыдагы жети айда белгиленген максатка жетүү үчүн жалпысынан 45 миллиард куб метр газ үнөмдөлүшү керек. Германия гана 10 миллиард куб метрге газды аз керектеши зарыл болот. Евробиримдик импорттогон Орусиянын жаратылыш газынын 40% жакынын Германия алат.

Көгүлтүр отту үнөмдөөнүн максаты – Орусия Евробиримдикке газ берүүнү азайтуусуна байланыштуу даярдык көрүү. Биримдик Украинадагы согуштан улам Орусиянын жаратылыш газына каршы санкция киргизбегени менен, Москва кабылган экономикалык санкцияларга жооп катары акыркы айларда Евробиримдикке газ берүүнү бир топ азайтты.

Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен өткөн аптада Европа орус газына байланыштуу “эң начар кырдаалга” даярданышы керектигин эскертти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG